Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Өлкөдө коррупция менен аёсуз күрөш жана экономикадагы жалпы саясат салыктык көрсөткүчтөрдүн жогорулоосуна мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде билдирди.
Ал маалымдагандай, акыркы жылдагы жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында салыктардын жыйналышы кескин өстү. 2020-жылы 63 млрд салыктык жыйымдар чогултулса, 2023-жылы 155 млрд сом жыйналган. 2025-жылы 268 млрд сом чогултуу планы коюлуп, алты айда план 11 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.
Салык кызматынын төрагасы салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасына бир нече факторлор таасирин тийгизгенин кошумчалады.
"Азыр салыкчылар менен ишкерлер кээде гана жолугуп калышты, жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүп койдук. Бул жалгыз биздин эмгек эмес. УКМКдагы коррупция менен күрөшүп, олуттуу салым кошуп жатышат. Камчыбек Кыдыршаевич да айтпадыбы? Байыгын келсе бизнеске бар деп. Аны сыңарындай байыгысы келсе, ишкердик кылыш керек. Мамлекеттик кызматкерлер коррупция кылбай, ишкерлер дагы сүйлөшүп алып салыктан качпай, төлөп калышты.
Президент жылдын башынан бери эки жарлыкка кол койду. Эки жарлык тең ишкерлерди колдоо, чакан жана орто бизнести коргоо, инвестициялык климатты жакшыртууга багытталды", - деди Шыкмаматов.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында Салык кызматы алты айдын жыйынтыгы менен планды 6,7 млрд сомго ашыгы менен аткарганын билдирген.