Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Кыргызстан мамлекеттүүлүктү түптөө жолунда татаал жолду басып өттү. Акыркы беш жылдагы ийгиликтер ар бир жаран сезе ала турган реалдуу жыйынтыктар болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн Таласта белгилөө учурунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов ”Кабар” агенттигине билдирди.
Ал мекендештерине жасаган кайрылуусунда басып өткөн тарыхый жолдун маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук биримдикти бекемдөөгө чакырды.
”Чын жүрөгүмдөн кыргыз элин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктайм! Бул жылдар кыргыз эли үчүн оңой болгон жок. Биз татаал жолду басып өттүк: жаңылып да кеттик, бирок кайрадан турдук, көптөгөн кыйынчылыктарды, анын ичинде мамлекет катары да баштан кечирдик. Сыноолорго сынбай, багынбай жана духубузду түшүрбөй, кыргыз эли өз жолун улантып келет”, — деди Алманбет Шыкмаматов.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы акыркы жылдардагы оң өзгөрүүлөргө өзгөчө токтолду.
”Акыркы 5 жыл ичинде, барыбыз жакшы көрсөткүчтөргө күбө болуп жатабыз. Бул жөн гана куру отчеттор эмес, кол менен кармап, көз менен көрүп, санап билүүгө боло турган ийгиликтер. Ошондуктан бул ийгиликтер мындан ары да уланышы үчүн, албетте, элдин биримдиги жана ынтымагы, келечекке болгон ишеним, күч жана жогорку дух зарыл. Дагы бир жолу элибизди майрамы менен куттуктайм!” — деп жыйынтыктады ал.