Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстан жана Россиянын Салык кызматтары салыктык башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим түздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Келишимге Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов менен Россиянын Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Юлия Шепелева Бангкок шаарында өткөн Дүйнөлүк банктын тобу жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жыйынынын алкагында кол коюшту.
Жыйын учурунда Шыкмаматов мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү салыктык жол-жоболорду жарандар жана ишкерлер үчүн жеңилдетүүгө багытталышы керектигин белгиледи. Ал салык кызматы экономикалык операциялардан алынган маалыматтарды автоматтык түрдө талдоо моделине өтүп жатканын айтты.
Тараптар 2021-жылдан бери уланып келе жаткан кызматташтыкты белгилеп, жаңы келишим салыктык башкарууну жакшыртууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөрүн билдиришти.