Швейцариялык компания Кыргызстанда тоо-лыжа тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар

Коом 17 апрель 2025 09:18
541467881424_big.jpg
фото бартолет.jpeg
Алдыга
Артка
541467881424_big.jpg
фото бартолет.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Омар Султанов Швейцариянын Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын президенти Маркус Менци жана тең-президенти Матиас Майер менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Бишкек шаарында жүргүнчү ташуучу асма жол куруу долбоорунун жүрүшү жана келечеги тууралуу сөз болду. Долбоор экологиялык жактан таза экени жана өлкөнүн борбор калаасындагы аба булгануусуна каршы күрөшүүгө чоң салым кошоору, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөрү баса белгиленди.

Ошондой эле швейцариялык тарап Кыргызстандагы тоо-лыжа кластерин өнүктүрүүгө катышууга кызыкдар экенин да билдирди.