Швейцария элчиси табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга кош салымы үчүн сыйланды

Коом 12 июнь 2025 14:24
506393963_1114904164015642_6918797725194432613_n.jpg
506421840_1114904090682316_7305043170973674342_n.jpg
506347968_1114904430682282_2727399086213397317_n.jpg
506300764_1114904050682320_2790171449770370347_n.jpg
506247375_1114903940682331_4642938445634576133_n.jpg
Алдыга
Артка
506393963_1114904164015642_6918797725194432613_n.jpg
506421840_1114904090682316_7305043170973674342_n.jpg
506347968_1114904430682282_2727399086213397317_n.jpg
506300764_1114904050682320_2790171449770370347_n.jpg
506247375_1114903940682331_4642938445634576133_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди дипломатиялык миссиясы аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

ӨКМден билдиришкендей, жолугушууда Ажикеев Швейцария элчисинин Кыргызстанда өз миссиясын аткаруу мезгилинде кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштерине көрсөткөн жардамдарын жогору баалап, табигый-техногендик апааттардын тобокелдигин азайтууга кошкон салымына ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар министр Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы ар тараптуу кызматташтык дайыма чыңдалып турарына ишеничин билдирип, эки өлкө аралык мамилелерди жана өз ара кызыкчылыкты ийгиликтүү улантуунун маанисин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Оливье Бангертер анын дипломатиялык миссиясын ишке ашырууга ар дайым колдоп келгендиги үчүн кыргыз тараптка ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун акырында табигый кырсыктардын тобокелин азайтууга жигердүү кызматташып, баа жеткис салым кошкону үчүн министр Бообек Ажикеев Швейцария элчисин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн» медалы менен сыйлады.