Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Швеция 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармакты колдонууда чектөө киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Казинформ өлкөнүн социалдык иштер министри Якоб Форсмеддин сөзүнө шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, Швеция өкмөтү социалдык медиага кирүүгө жаш курактык чектөөнү киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн комитет түзгөн. Бул чектөөгө Instagram, Facebook, Snapchat, TikTok жана YouTube сыяктуу платформалар кирет.
15 жашка чейинки белгиленген чектөөнү 2028-жылдын 1-январынан тартып ишке ашыруу сунушталууда.
Социалдык медиа колдонуучулары үчүн чектөөнү киргизүү ашыкча көз карандылык, онлайн зомбулук, белгисиз адамдар менен сексуалдык максаттарда байланышуу же кылмыштуу топторго азгыруу, ошондой эле зомбулук же ден соолукка зыяндуу контенттердин алдын алат.
ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча бир нече өлкөдө социалдык медиага кирүүгө жаш курагына чектөө киргизилген жана бул маселе боюнча 35 өлкөдө иштер жүрүп жатат. Австралия он түрдүү социалдык медиа платформаларында 16 жаш курагына чектөө киргизген биринчи өлкө болду.