Шушада IV Глобалдык медиафорум өз ишин баштады

Коом Загрузка... 13 Июль 2026 11:30
1783921967609913022.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon АЗЕРТАЖ

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Бүгүн Азербайжандын Шуша шаарында дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн келген алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдарды, эксперттерди жана расмий жетекчилерди бириктирген IV Шуша глобалдык медиафоруму өз ишин баштады.

Форум "Тынчтыкты чыңдоодогу ЖМК миссиясы: чындыкты жана ишенимди калыбына келтирүү" деген теманын алдында өтүүдө. Катышуучулардын көңүл борборунда – санариптик трансформация шартындагы журналистиканын ролу, жалган маалыматка каршы күрөшүү, медиа сабаттуулук, медиадипломатияны өнүктүрүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон ишенимди чыңдоо маселелери турат.

Форумдун ачылышында Азербайжандын президенти Илхам Алиев көптөгөн чет элдик коноктор Шушага биринчи жолу эле келишпегенин жана бул жерде болгон өзгөрүүлөрдү көрө алышарын белгиледи.

"Алгачкы жылдары алар урандыларды көрүшсө, азыр баары кантип кайра курулуп, өнүгүп жатканына күбө болушууда", - деди мамлекет башчысы. Анын айтымында, Шушада эл аралык медиафорумдун өткөрүлүшү эл аралык диалогду чыңдоого өбөлгө түзөт жана чет элдик журналисттерге аймакта болуп жаткан өзгөрүүлөрдү өз көздөрү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Форумдун алкагында ЖМК аркылуу тынчтыкты орнотуу, дезинформацияга каршы туруу, жасалма интеллект доорундагы этика, ошондой эле медиа чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналган панелдик сессиялар жана тематикалык талкуулар пландаштырылган.