Шуша медиафорумунун катышуучулары жаңы Карабах көчөсүндө болушту

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 13:03
WhatsApp_Image_Ig4zntG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_IgdwzeI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_KDWLrS4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_tK0gFuB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_WTzwE1Z.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_zAXLvs4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. IV Шуша Глобалдык медиафорумунун катышуучулары 12-июлда шаарды масштабдуу калыбына келтирүү программасынын алкагында Шушада курулган жаңы Карабах көчөсүнө барышты.

Конокторго мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жергиликтүү инвесторлор тарабынан курулган ар кандай багыттагы объектилер тааныштырылды. Алардын арасында мейманкана, апарт-отель, кеңсе имараттары жана коомдук тамактануучу жайлар бар.

Курулуш учурунда жумуштун сапатына гана эмес, Шушанын тарыхый-архитектуралык өзгөчөлүгүн сактап калууга да өзгөчө көңүл бурулганы катышуучуларга айтылды. Жаңы имараттар шаардын ландшафтына шайкеш келип, анын архитектуралык стилине төп келет.

Бул долбоор Азербайжандын тарыхый шаары жана маданий борбору деп эсептелген Шушаны өнүктүрүүнүн комплекстүү программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы Карабах көчөсү шаарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча жүрүп жаткан иштердин символдорунун бирине айланды.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Азербайжандын Шуша шаарында "Тынчтыкты илгерилетүүдөгү медианын миссиясы: чындыкты калыбына келтирүү жана ишенимди кайра жаратуу" урааны астында IV Глобалдык медиафорум өтүп жатат. Иш-чарага 52 өлкөдөн келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эксперттер жана расмий жетекчилер катышууда.