Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театрына жаңы директор дайындалды

Маданият 30 Сентябрь 2025 10:45
556840218_1098726869085735_5359004535187997220_n.jpg
556646972_1098726692419086_1409689807288646675_n.jpg
555708445_1098726785752410_4612374345003043381_n.jpg
556401754_1098726749085747_545828921887210342_n.jpg
555961712_1098727152419040_1507228965105485866_n.jpg
557435826_1098727169085705_1912178793420373914_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 30.09.25 /Кабар/. Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын директорлугуна Замирбек Бектурович Татиев дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Замирбек Татиев 1986-жылы туулган. Ал Кыргыз республикалык маданият техникумун жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча музыка жана ыр мугалими, ошондой эле кинооператор.

Ал маданият тармагында 20 жылга жакын эмгектенип, Н.Байтемиров атындагы маданият ордосунда ар түрдүү кызматтарды аркалаган. 2022-жылы ошол мекемени жетектеп, кийинчерээк Токмок шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болгон.

Министрлик жаңы жетекчинин театрдын чыгармачылык багытын өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана аймактагы маданий жашоону жандандырууга салым кошоруна ишеним артарын белгиледи.