Шопоковдогу сүт чыгарган ишкана экспортту көбөйтөт

Экономика Загрузка... 05 Декабрь 2025 16:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Шопоков шаарындагы сүт жана шире чыгаруучу “Экопродукт Азия” ЖЧКсы экспорттук багыттарды кеңейтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда белгиледи.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, министр ишкананын учурдагы абалы, жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты.

Компания жетекчилиги өндүрүш аянттарын, реконструкцияланган зоналарды, жаңы цехтердин долбоорлорун, кампаларды жана сапат лабораториясын көрсөттү. Ошондой эле орнотулууга даярдалып жаткан жаңы, жогорку технологиялуу жабдуулар боюнча маалымат берилди.

Таанышуу учурунда ишканада өндүрүлгөн ультрапастерленген сүт жана түз сыгылган ширелердин дегустациясы өткөрүлдү. Төрөбаев продукциянын сапатын баалап, ишкананын кайра иштетүү тармагына жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна кошуп жаткан салымын белгиледи.

Ишкананы өнүктүрүүгө жалпы 9,622 млн доллар инвестиция салынган. Анын 43,88% — компаниянын өз каражаты, 56,12% — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу. Модернизация аяктагандан кийин өндүрүштүк кубаттуулук жылына 40 миң тоннага жетет.

“Экопродукт Азия” ички рыноктогу позициясын бекемдеп, экспорттук багыттарды кеңейтүүдө. Компания табигый жана сапаттуу кыргыз продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгарууну улантууда.