ШКУнун жаш окумуштуулар лагери: Россиянын делегациясы Кыргызстанда

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 10:10
Снимок экрана 2026-07-06 100833.png

Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн уюштурулуп жаткан эл аралык илимий-билим берүү лагерине катышуу үчүн Россиядан 12 адамдан турган делегация Кыргызстанга келди.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, делегацияны "Манас" эл аралык аэропортунан министрликтин өкүлдөрү тосуп алышкан. Алар илимий жана билим берүү багытындагы иш-чараларга катышып, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган биргелешкен талкууларга, тажрыйба алмашуу жолугушууларына жана практикалык иштерге катышышат.

Белгилей кетсек, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштуулары үчүн уюштурулуп жаткан эл аралык илимий-билим берүү лагери Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун алкагында Агартуу министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө.