ШКУнун илимий лагери: АКШдан келген кыргыз окумуштуусу насаатчы болууда

Коом Загрузка... 08 Июль 2026 11:40
a31ad9a4655aaa5d348.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. АКШдагы Сэм Хьюстон мамлекеттик университетинин инженердик технологиялар кафедрасынын доценти, кыргызстандык окумуштуу Улан Дакеев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын эл аралык илимий-билим берүү лагеринде насаатчы катары катышууда.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, учурда АКШда инженердик технологиялар багытында үзүрлүү эмгектенип жаткан мекендешибиз лагердин алкагында жаш изилдөөчүлөр менен өзүнүн бай тажрыйбасын бөлүшүүдө. Ал билим берүү иш-чараларына жана илимий талкууларга жигердүү катышып, жаш адистерге багыт көрсөтүүдө.

Эске салсак, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштууларынын эл аралык илимий-билим берүү лагери жаш изилдөөчүлөрдү бириктирип, илимий кызматташууну өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаш кадрларды ар тараптан колдоого багытталган.