ШКУнун I жаштар Дельфий оюндары. Бишкекке делегациялар келүүдө

ШКУ Загрузка... 24 Март 2026 10:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин I жаштар Дельфий оюндарына катышуу үчүн Кытай, Өзбекстан, Россия жана Казакстандан делегациялар келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул оюндар ШКУнун алкагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Иш-чара ар түрдүү өлкөлөрдөн келген жаштардын ортосунда эл аралык байланыштарды бекемдөө, маданий алмашууну өнүктүрүү жана достукту чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Оюндар Бишкекте 23-28-мартта өтөт. Программага сегиз сынактык номинация кирет: фортепиано, сүрөт өнөрү, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптарда ойноо, ошондой эле колдонмо-сүрөт өнөрү.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филамониясында өтөт.