Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. ШКУ делегациясынан эл аралык байкоочу Алена Булгакова Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштурууга жогору баа берди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы шайлоо участкаларын даярдоо деңгээли ачыктыктын жана жеткиликтүүлүктүн жогорку стандарттарына жооп берет.
Алена Булгакова эл аралык байкоочулар Бишкектеги бир нече шайлоо участкаларында болуп, добуш берүүнүн жаңы системасы менен таанышканын билдирди.
“Система шайлоочулар үчүн да, байкоочулар үчүн да так жана ачык. Ар бир шайлоо участогунда талапкерлердин өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар бар. Алар менен шайлоону уюштуруунун ар бир аспектисине ар тараптуу баа берүү үчүн талкуу жүргүзөбүз”, - деп белгиледи ал.
Ал жарандарга көрсөтүлгөн тейлөөнүн жогорку деңгээлин, анын ичинде аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи. Шайлоочулар каалаган шайлоо участогунда паспортун же санариптик документин көрсөтүү менен добуш бере алышат.
“Биз мамлекет шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууга карай аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Мен видеокөзөмөлдүн жогорку стандартын өзгөчө белгилеп кетким келет. Ар бир объектте жогорку сапаттагы уктуруулары бар камералар орнотулган”, - деди Булгакова.
Мындан тышкары, эл аралык байкоочулар соода борборлорунда жайгашкан шайлоо участкаларынын ыңгайлуулугун белгилеп, бул шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүп, добуш берүү процессин жеңилдетип жатканын белгилешти.
ШКУнун делегациясынын акыркы корутундусу эртең сунушталат.