Бишкек 04.07.25 /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтыгы уюмунун 25 жылдыгын утурлай, Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусунун жаңы шарттардагы өнүгүүсүнө арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарага юстиция министри, президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору, минкаб төрагасынын орун басары Аяз Баетов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, дипломатиялык, илимий жана эксперттик чөйрөнүн, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык аналитиктер катышууда.
Конференциянын негизги максаты - геосаясий өзгөрүүлөрдү талдоо жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Ал эми багыттары төмөндөгүдөй:
- Санариптик трансформация жана технологиялык кызматташтык;
- Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдик-укуктук базага баа берүү;
- ШКУ алкагындагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо;
- Кытайдын мамлекеттик башкаруу реформалары жана жакырчылыкты азайтуу тажрыйбасын изилдөө.
Маалымат үчүн: Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) – 2001-жылы негизделген, Евразия мамлекеттерин камтыган эл аралык уюм. Анын максаты – аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, туруктуу өнүгүүнү жана көп тараптуу кызматташууну колдоо. 2026-жылы ШКУ «Шанхай бештиги» форматынан өсүп чыккан кызматташтык форматы катары 25 жылдыгын белгилейт.