ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өнүктүрүү банкы түзүлөт

Экономика Загрузка... 01 Сентябрь 2025 15:50
1.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттер уюмдун Өнүктүрүү банкын түзүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 25-жыйынынын жыйынтыгында кабыл алынган Тяньцзинь декларациясында айтылат, деп билдирет РИА Новости.

Документте кызыкдар мамлекеттер ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, анын иштеши боюнча консультацияларды активдештирүүгө макулдашканы белгиленген.

Ошондой эле өлкөлөр 20 жыл ичинде каржы тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн талап кылынган механизмине айланган Банктар аралык бирикменин (БАБ) маанилүү ролун баса белгилешти. Декларацияда Иран Ислам Республикасынын ыйгарым укуктуу банкын БАБдын ишмердүүлүгүнө кошуу маселесин тездетүүгө чакырык камтылган.

ШКУ саммити 31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүүдө. Ага 20дан ашык мамлекеттин лидерлери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Маалымат үчүн: ШКУ - 2001-жылы негизделген. Уюмдун курамына Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Беларусь кирет. Байкоочу өлкөлөрдүн катарында Афганистан жана Монголия бар, ал эми диалог боюнча өнөктөштөр болуп Түркия, Сауд Арабия, Египет жана Бириккен Араб Эмираттарын кошкондо 15тен ашык мамлекет саналат.