ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны сентябрда Кытайда өтөт — Кабар

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны сентябрда Кытайда өтөт

Саясат 16 июль 2025 11:20
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны сентябрда Кытайда өтөт
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек 16.07.25 /Кабар/. ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны 2025-жылдын 1-сентябрында Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 15-июлда Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүп, анда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жыйында ШКУнун күн тартибиндеги коопсуздук жана туруктуу өнүгүү жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.