ШКУ жана Көчмөндөр оюндары: Бишкекте 13 фан-зона ачылып, түз эфирлер көрсөтүлөт

Коом 180 17 Август 2026 13:30
WhatsApp_Image_1J8tTUd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин күндөрүндө борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн фан-зоналар  уюштурулат.

Мэриядан билдиришкендей, фан-зоналардан  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана эл аралык саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирден көрүүгө болот.

Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Мындан тышкары, түз эфирлерди көрүү үчүн борбор калаанын төрт районунда тең атайын аянтчалар уюштурулат.

Октябрь району:

  • Тунгуч кичи районундагы "Тунгуч-1" сквери;
  • "Ынтымак-2" паркындагы амфитеатр;
  • Д. Асанов атындагы парк.

Ленин району:

  • Фучик атындагы парк;
  • Ак-Өргө  конушундагы "Ашар" паркы;
  • Жал кичи районундагы "Муун" сквери.

Биринчи май району:

  • Ч. Түлөбердиев атындагы парк — Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
  • Ак-Босого конушундагы сквер — Чүй көчөсү, 52.

Свердлов району:

  • "Алга" спорт комплекси — Үсөнбаев көчөсү, 200/1;
  • №66 орто мектеп — Чыгыш-5 кичи району, 1а;
  • №21 орто мектеп — Энесай 1-көчөсү, 1.

Түз эфирлер башталганга чейин коноктор үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программалар уюштурулат. Ошондой эле аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт.

Коноктор үчүн улуттук оюндар — тогуз коргоол, чүкө жана беш таш боюнча интерактивдүү программа да даярдалды.

Фан-зоналардын иштөө убактысы тууралуу маалымат Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2026 жана ШКУ саммити өткөрүлө турган күндөр жакындаганда кошумча берилет.