Бишкек, 10.08.26 /Кабар/. Алдыдагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында өлкөнүн жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жаңы Ош базарына жана Батыш автобекетине алып баруучу жолдорду, ошондой эле Бишкек–“Манас” эл аралык аэропорту унаа жолундагы транспорттук түйүндү куруу иштери учурда жүрүп жатат.
Мындан тышкары, Профсоюз көчөсү боюнча айланып өтүүчү жолду жана Лебединовка айылы–ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо долбоорлорунун алкагында курулуш иштери улантылууда.
“Ысык-Көл облусунда Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун курулушу да активдүү жүрүүдө. Учурда жолдун трассасын жерге чыгаруу, жол тилкесин тазалоо, жер жумуштарын жүргүзүү, дренаждык жана суу өткөрүүчү курулмаларды орнотуу, таяныч дубалдарды куруу сыяктуу иштер аткарылууда. Аны менен катар Чолпон-Атадагы ат майданда асфальт төшөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Корумду–Балбай унаа жолунун 104–184,5 чакырым тилкесинде да курулуш иштери жүрүп жаткандыгы айтылды. Негизги жолдун жумушчу жана негиз катмарлары, ошондой эле асфальт-бетондун төмөнкү катмары толугу менен курулуп бүткөн. Учурда үстүңкү шагыл-мастикалык асфальт-бетон катмарын төшөө, тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу иштери улантылууда.
Аталган тилкеде 14 көпүрө жана жөө жүргүнчүлөр үчүн 2 жер алдындагы өтмөк курулуп бүткөн.
Мындан тышкары, Кырчын жайлоосуна алып баруучу “Семеновка–Ак-Суу” жана Григорьевка–Көл-Кашка-Суу унаа жолдорунда асфальт-бетон төшөө жана көпүрөлөрдү куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жыйынтыгында министрлик тарабынан бардык объектилердеги курулуш-монтаж иштерин бекитилген графикке ылайык өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.