Чолпон-Ата шаарында жаңы айланма жол курулууда

Аймак Загрузка... 09 Февраль 2026 10:50
copyright icon Чолпон-Ата шаарынын мэриясы

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында жаңы айланма жолдун курулуш иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бул долбоор үстүбүздөгү жылдын 31-августу жана 1-сентябрына пландалган Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү иштеринин алкагында ишке ашырылууда.

Айланма жол төрт тилкелүү болуп, жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен каржыланууда.

Жолду пайдаланууга берүү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитинин башталышына пландалууда. Айланма жол аркылуу өтүү акысыз болот.

"Долбоор шаардын транспорттук жүгүн азайтуу, эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатын көздөйт. Курулуш иштери бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.