ШКУ саммитине даярдык: "Манас" аэропортуна кеткен жолдогу транспорттук түйүнгө газон себилип бүттү

Коом Загрузка... 16 Июль 2026 18:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдыктын алкагында борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери комплекстүү иштерди улантууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда "Манас" эл аралык аэропортуна алып баруучу унаа жолундагы транспорттук түйүндө жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзгөн жерге газон себүү иштери толугу менен аяктады. Газондун сапаттуу өсүшүн камсыз кылуу максатында ишкананын адистери атайын сугаруучу техникалардын жардамы менен күн сайын сугаруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, жалпы аянты 16 миң чарчы метр болгон күндөн коргоочу тор орнотулду. Ал топурактын нымдуулугун сактоого көмөк көрсөтүп, өсүмдүктөрдүн жакшы тамыр алышына ыңгайлуу шарт түзөт.

Ошондой эле 14 миң 200 чарчы метр аянтка геотор төшөлүп, анын ичине түшүмдүү топурак толтурулуп, газон чөптөрү себилди. Азыркы учурда бул тилкеде жаш көчөттөрдү үзгүлтүксүз сугаруу жана агротехникалык багуу иштери жүргүзүлүүдө.

Муну менен катар "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштерин да улантышууда.