ШКУ саммитине даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин I жыйыны өттү — Кабар

ШКУ саммитине даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин I жыйыны өттү

Саясат 2 октябрь 2025 18:00
556894193_1354893576645273_3164313561291225945_n (1).jpg
557566281_1354893559978608_4168002376433642401_n.jpg
559538396_1354894019978562_6154458610293144243_n.jpg
557646376_1354894046645226_1057277560192616354_n.jpg
556845279_1354893999978564_6801879218771937939_n.jpg
558167728_1354893893311908_5697902869752298619_n.jpg
556590663_1354893896645241_7451666611519531229_n.jpg
556800941_1354893849978579_3590344862963154445_n.jpg
557417437_1354893769978587_8364894246445963447_n.jpg
556817807_1354893753311922_1170127427306221570_n.jpg
556414290_1354893719978592_8907678686683958336_n.jpg
557647967_1354893603311937_2606823428205986550_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 2-октябрда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү.

2026-жылы Бишкек шаарында ШКУ саммитин, ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин натыйжалуу координациялоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жалпы жетекчиликти президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевге жүктөдү.

Мындан тышкары, уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Анын мүчөлөрүнө уюштуруу, протоколдук жана башка даярдык чараларын камтыган негизги иш-чаралардын планын даярдоо тапшырылды.

Ошондой эле уюштуруу комитетинин төрагасы компетенттүү министрликтерге коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, меймандостуктун жогорку деңгээлин камсыз кылуу, ошондой эле керектүү инфраструктураны өз убагында куруу жана модернизациялоо боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.