Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны өттү.
Жыйындын алкагында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган 30га жакын документке кол коюлду.
Белгилей кетсек, саммит Кыргызстандын ШКУга 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болду.
Кыргызстан бул төрагалыкты “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын алдында жүргүздү.