Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин өтүшү Кыргызстандын эл аралык аренадагы маанисинин өсүп жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу саясат таануучу Жибек Абдикеримова “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ШКУ саммитинин Бишкекте өтүшү – Кыргызстанга болгон эл аралык көңүл буруунун өскөнүнүн чындап маанилүү көрсөткүчү. Өлкөнүн кезектеги ирет Евразиядагы ири мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусуна аянтча болуп жатканынын өзү өлкөбүзгө болгон ишенимди көрсөтөт. Кыргызстан олуттуу эл аралык диалогду уюштура алган мамлекет катары каралып жатат.
"Бүгүн Кыргызстан дүйнөнүн көңүл чордонунда десек болот. Бишкекте ШКУ саммити өтүп жатат, ошол эле учурда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылууда. Оюндарга 110дон ашык өлкөдөн 100 миңден ашуун конок келери күтүлүүдө. Менимче, бул абдан ийгиликтүү айкалыш. ШКУ саммити Кыргызстанды саясий жана дипломатиялык жактан активдүү өлкө катары дүйнөгө көрсөтүп жатса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин уникалдуу маданиятыбызды, жаратылышыбызды жана туристтик потенциалыбызды таанытууда.
Мисалы, буга чейин Кыргызстан тууралуу көп нерсе билбеген адам бүгүн эл аралык жаңылыктардан Бишкекти, биздин өлкөгө келген мамлекет башчыларын көрөт. Андан кийин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу угат. Ысык-Көлдү, тоолорду, улуттук спортту, кыргыз маданиятын көрөт. Ошентип, Кыргызстан ал адам үчүн жөн гана картадагы чекит болбой, конкреттүү жана таанымал образга айлана баштайт.
Албетте, бир саммиттен кийин туристтердин агымы автоматтык түрдө көбөйөт деп айта албайбыз. Бирок, бизде бүгүн дүйнөлүк туризмде суроо-талапка ээ болгон нерселердин баары бар десек болот. Бизде уникалдуу жаратылыш, бийик тоолор, Ысык-Көл, экологиялык жана укмуштуу окуялуу туризм, көчмөн маданияты, улуттук ашкана бар. Ошондой эле туристтерге таптакыр башка маданий тажрыйба тартуулай алабыз", - деди ал.
Анын белгилешинче, эң негизгиси — бүгүн Кыргызстан дүйнөгө жогорку даражалуу конокторду кабыл ала алган өлкө экенин гана эмес, дүйнөгө өзүнүн маданиятын, тарыхын, салттарын жана кызматташтык боюнча өзүнүн көз карашын сунуштай алган мамлекет экенин көрсөтүп жатат. Дал ушул нерсе өлкөнүн чыныгы эл аралык имиджин калыптандырат.