ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом 258 20 Август 2026 12:10
WhatsApp Image 2026-08-20 at 09.05.45.jpeg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 20.08.26 /Кабар/. Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда аппараттык кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары да катышты.

Кеңешмеде чет өлкөлөрдүн президенттеринин Кыргызстанга расмий иш сапарлары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды.

Ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык кастыкты козутууга түрткү болгон мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык даярдыгын жана ыкчам аракеттенүүсүн камсыздоо боюнча маселелер талкууланды.

Министр тиешелүү жетекчилерге алдыдагы иш-чараларды жогорку деңгээлде жана коопсуз өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Иш-чаралар өтө турган аймактарда профилактикалык иштерди күчөтүп, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайларга ыкчам чара көрүү талап кылынды.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлерине кызматтык милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткаруу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, жарандар менен баарлашууда сылык мамиле жасап, этикалык ченемдерди сактоо тапшырылды.

Белгиленгендей, алдыдагы эл аралык иш-чараларды коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүү максатында ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.