ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: Коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешме өттү

Коом 27 Июль 2026 14:20
756526415_1625151239619504_557239965421364766_n.jpg
758264869_2086456348927793_3277914489861027976_n.jpg
756682970_2832537980472748_3339447710381805777_n.jpg
756339076_1625151242952837_3391041307667961574_n.jpg
Алдыга
Артка
756526415_1625151239619504_557239965421364766_n.jpg
758264869_2086456348927793_3277914489861027976_n.jpg
756682970_2832537980472748_3339447710381805777_n.jpg
756339076_1625151242952837_3391041307667961574_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында эл аралык иш-чараларды өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Координациялык штабдын кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана башка маанилүү эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын жана окуялардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматы угулду.

Адилет Орозбеков бул эл аралык иш-чараларга тартылган бардык министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, ар кандай тобокелдиктерге жана коркунучтарга тез арада жооп кайтаруу үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.