ШКУ өлкөлөрү саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты арттырат

ШКУ Загрузка... 21 Апрель 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар демилгелерди сунуштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, демилгелер Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесинде айтылган.

Анда мүчө мамлекеттер тарабынан Кыргызстандын саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндө ШКУнун Диалогдук онлайн платформасын түзүү демилгеси колдоого алынды. Жаңы механизм тажрыйба алмашуу жана улуттук саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүдө макулдашылган мамилелерди иштеп чыгуу үчүн туруктуу иштеген эксперттик аянтча болууга багытталган.

Мындан тышкары, катышуучулар ШКУнун Медициналык туризм альянсын түзүү концепциясынын долбоору тууралуу демилгени андан ары иштеп чыгууну макулдашты.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов заманбап чакырыктар аракеттерди бириктирүүнү, үзгүлтүксүз тажрыйба алмашууну жана кызматташтыктын практикалык механизмдерин талап кыларын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө ШКУ өлкөлөрү жалпы чакырыктарга туш болууда жана дал ушул биргелешкен чечимдер саламаттык сактоонун туруктуу системаларын калыптандырууга мүмкүндүк берет. Биз үчүн тажрыйба алмашуу эле эмес, өлкөлөрүбүздүн калкынын ден соолугуна багытталган өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу инструменттерин түзүү маанилүү”, - деди министр.

Жыйындын соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесинин Жыйынтык протоколуна кол коюлду. Бул документ жетишилген макулдашууларды жана мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттарын бекитти.

Кыргызстан төрагалык кылуучу тарап катары ШКУнун алкагында өнөктөштүктү чыңдоого берилгендигин жана заманбап, туруктуу жана адамга багытталган саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди мындан ары да илгерилетүүгө даяр экенин ырастады.

Министрликтен белгилешкендей, ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесине саламаттык сактоо министрлери жана министрлердин орун басарлары баштаган делегациялар, ШКУ катчылыгынын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү катышты.