ШКУ лагери: Өзбекстандан 17 адамдан турган делегация Кыргызстанга келди

Коом Жүктөлүүдө... 06 Июль 2026 10:25
736931722_1099871823220529_9086326601804949373_n.jpg
736931714_1005493788907602_3070249135215751836_n.jpg
736965571_1721538408855856_2636323261641884496_n.jpg
737875997_1060054783349240_617699331687553886_n.jpg
737529057_2212426642867649_8213098077809166565_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 04.07.26. /Кабар/. Өлкөдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери уюштурулууда. Ага катышуу максатында Кыргызстанга Өзбекстандан делегация келди.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, аталган делегациянын курамында 15 окуучу жана 2 профессор бар. Конокторду "Манас" эл аралык аэропортунан министрликтин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов тосуп алды.

Эл аралык илимий-билим берүү лагери ШКУга мүчө мамлекеттердин мектеп окуучуларынын ортосунда тажрыйба алмашууга, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга багытталган.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулууда.