ШКУ Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу аркылуу кызматташтыкты кеңейтет

ШКУ Загрузка... 12 Март 2026 19:10
2116987_0_0_3415_1921_0x1080_80_0_0_c9b763b49a6941afccb2ac94f0d6b0ba.jpg (1).webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу аркылуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине юридика илимдеринин доктору, профессор Урмат Аманалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган уюмга 10 мамлекет мүчө. Уюм бириктирген өлкөлөрдүн калкынын саны 3,4 млрд адамдан ашат. Уюм дүйнөлүк ИДПнын ¼ үлүшүн, ал эми эл аралык сооданын 15%ын түзөт.

Урмат Аманалиев белгилегендей, ШКУ коопсуздукту камсыздоо, экономикалык кызматташтыкты арттыруу, мүчө өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин чыңдоо максатында түптөлгөн.

09

“Уюмда Кытай башында турган бир катар өнүккөн өлкөлөр бар. Биздин мамлекет үчүн Кытайдын уюмга мүчө болушу артыкчылыкка ээ. Себеп дегенде, Кыргызстанга Кытай коңшу мамлекет болуп саналат. Ошол эле маалда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулуп жатышы экономикалык байланыштарды арттырууга салым кошо турган долбоорлордун бири болуп калат”, - деп белгиледи ал.

Август айында Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын саммити өтөт. Урмат Аманалиевдин пикиринде, бул жолку жыйында бүгүнкү күндөгү геосаясий кырдаалды эске алганда уюмдагы өлкөлөрдүн коопсуздугу жана алакаларды чыңдоо маселелери күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болот деп күтүлүүдө.

“Анткени азыркы учурда дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан окуяларды эске алганда бул маселелерди талкуулоонун мааниси чоң”, - деди Урмат Аманалиев.

мммии

ШКУ 1996 жана 1997-жылдары Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан тарабынан кол коюлган аскердик ишенимди чыңдоо жана чек ара аймагындагы куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө келишимдердин негизинде түзүлгөн. Беш өлкөнүн лидерлеринин үзгүлтүксүз жолугушууларынан улам уюм "Шанхай бешилтиги" деп аталып калган. 2000-жылы уюмдун регионалдык мааниси арткан. Ушул эле жылы Өзбекстан уюмга мүчө болуп кирген.

Азыр ШКУга 10 мамлекет мүчө: Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. Ал эми Афганистан менен Монголия байкоочу мамлекеттер.

Дагы 15 мамлекет ШКУ диалогу боюнча өнөктөш болуп саналат.