ШКУ делегациясы Бишкектеги таштанды заводдун иши менен таанышты

ШКУ 5608 06 Апрель 2026 11:15
666348525_1419643756878141_5138421112407657249_n.jpg
665906509_1419643983544785_4982684718735042016_n.jpg
665925167_1419643696878147_8756517129257401532_n.jpg
665935967_1419643960211454_2147776713382537613_n.jpg
666003994_1419643636878153_216981131173967200_n.jpg
666034995_1419643850211465_1792385823288654869_n.jpg
666395740_1419644086878108_5438235982743263879_n.jpg
666554406_1419643630211487_46466906456070500_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин көзөмөлдөгөн министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын жана эксперттеринин отурумуна катышкан делегаттар үчүн катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүргөн экологиялык заводго тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Рамиз Алиев экскурсияда катышуучуларга ишкананын ишмердүүлүгү, калдыктарды кайра иштетүүнүн заманбап технологиялык процесстери, ошондой эле өндүрүшкө киргизилген экологиялык чечимдер жөнүндө кеңири айтып берди.

Өзгөчө көңүл катуу тиричилик калдыктарын инновациялык ыкмалар менен утилдештирип, андан электр энергиясын өндүрүүгө бурулду.

Делегаттар бул тажрыйбаны мындан ары да изилдөө жана аны өз өлкөлөрүндө мүмкүн болгон деңгээлде ишке киргизүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, бул таштанды заводу Борбор Азияда таштандыларды кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүргөн биринчи ишкана болуп саналат.