ШКУ: Чек ара кызматтарынын 2026-жылга иш планы бекитилди

Саясат Загрузка... 11 Июль 2025 10:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чек ара кызматы

Бишкек, 11.07.25./Кабар/. Күн мурун Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 11-жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынан билдиришти.

Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын жетекчилери, өкүлдөрү жана ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин жетекчилери катышты.

Катышуучулар ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек араларындагы кырдаалга баа берүүнү, аны өнүктүрүүнүн тенденцияларын жана болжолдорун чагылдырган маалымат менен алмашышты.

Ошондой эле жыйында ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын Чек ара кызматтары тарабынан 2024-жылы жүргүзүлгөн "Тилектештик – 2024" биргелешкен чек ара операциясынын жыйынтыгы талкууланып, жактырылды.

Быйылкы жылы "Тилектештик-2025" биргелешкен чек ара операциясын даярдоо жана ишке ашыруу планы жана Чек ара кызматтарынын эксперттер тобунун 2026-жылга иш планы бекитилди.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин кезектеги жыйынын өткөрүү орду жана мөөнөтү боюнча сунуштар талкууланды.

Каитышуучулар уюмдун чек араларындагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча кесипкөй пикир алмашуу жана бирдиктүү позициялардын иштелип чыгышы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, чек аралардагы коопсуздукту жана ишенимди чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Жолугушуу иштиктүү жана конструктивдүү кырдаалда өттү.