ШКУ: Бишкек менен Чжэнчжоу алаканы бекемдейт

ШКУ Загрузка... 28 Май 2026 11:50
WhatsApp Image 2026-05-28 at 11.47.25.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 28.05.26. /Кабар/. Бишкек шаары менен Кытайдын Чжэнчжоу шаарынын ортосунда достук алмашуу мамилелерин түзүү жөнүндө келишимге жетишилди.

Документке Чолпон-Атада өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунда жана боордош шаарлардын башчыларынын жолугушуусунда кол коюлду.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева "Кабар" агенттигине билдиргендей, бул келишим ар кыл тармактарда, анын ичинде билим берүү, маданият, спорт, жаңы технологиялар чөйрөсүндө кызматташтыкты арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

"Бишкек бир катар шаарлар менен, анын ичинде боордош шаарлар менен кызматташып келет. ШКУга Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында быйыл бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Атап айтсак, борбор калаада Дельфи оюндары өттү. Бул бардык өлкөлөр үчүн маанилүү окуя болуп калды. Бишкек шаары боордош шаарлар менен кызматташууну улантат. Жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашып келебиз. Биздин мектептер түзүлгөн келишимдердин алкагында активдүү кызматташып жатат. Мындан ары да алаканы максималдуу түрдө чыңдай беребиз", - деди ал.