Бостери, 19.06.26. /Кабар/. Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында маанилүү медиафорум өз ишин баштады. Бул иш-чара уюмдун түзүлгөнүнө 25 жылдык юбилейлик негизги окуялардын бири болуп саналат жана сентябрда Бишкекте өтө турган саммит менен жыйынтыкталмакчы. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов форумдун ачылышында билдирди.
Ал өз сөзүндө ШКУ уюму 2001-жылдын 15-июнунда Шанхай саммитинде Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын жетекчилеринин чечими менен түзүлгөнүн эске салды.
Белгилегендей, бүгүнкү күндө маалыматтык мейкиндик мамлекеттер аралык мамилелерде барган сайын маанилүү роль ойноодо. Ушуга байланыштуу ШКУ глобалдык медиа чөйрөдө өзүнүн оң имиджин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурат.
“Заманбап маалыматтык коомдо уюмдун негизги максаты ишенимдүү, так маалыматты биринчи болуп жеткирүү менен маалыматтык бурмалоолорго, жол бербөө болуп саналат.
ШКУнун катчылыгы уюмдун ишмердүүлүгүн маалыматтык жактан толук коштоп, расмий сайтты жана социалдык тармактардагы баракчаларды жүргүзөт. Уюм мүчө мамлекеттердин маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат. Журналисттер ШКУнун иш-чараларын чагылдырууга үзгүлтүксүз чакырылып, алардын маалымат алуу боюнча суроо-талаптары ыкчам каралат”,-деди ал.
Мындан тышкары, Пекин ШКУ пресс-клубун жандандыруу аракети көрүлүп, бул журналисттердин өз ара байланыш аянтчасына айланып жатканын белгиледи.
Уюм ошондой эле бир катар алдыңкы маалымат каражаттары менен өнөктөштүк түзгөнүн маалымдады.
“Учурда бул өнөктөштүктүн алкагында ШКУнун 25 жылдыгына арналган документалдык фильм даярдалууда.
ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда маалыматтык кызматташуу боюнча макулдашуулар да ишке ашырылып, бул тармактагы координацияны жакшыртууга багытталган. Уюм мүчөлөрүнүн активдүү демилгелери уюмдун өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү катары бааланууда.
Форум катышуучулары бул аянтчаны жөн гана тажрыйба алмашуу эмес, медиакоомчулуктун ортосундагы ишенимди бекемдеген жандуу механизм катары карашат. Анткени, коомчулукка жеткирилген маалыматтын тактыгы, толуктугу жана ыкчамдыгы уюмдун эл аралык деңгээлдеги кабыл алынышына түздөн-түз таасир этет”,- дейт ШКУнун башкы катчысынын орун басары.