Чолпон-Ата, 28.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 28-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында мамлекеттердин аймактары, шаарлары жана эркин экономикалык аймактары ортосунда бир катар документтерге кол коюлду.
- "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы менен Беларустун "Брест" эркин экономикалык аймагынын администрациясынын ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө меморандуму,
- Бишкек шаары менен Кытайдын Чжэнчжоу шаарынын ортосунда достук алмашуу мамилелерин түзүү жөнүндө келишими,
- "Нарын" эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы менен Беларустун "Брест" эркин экономикалык аймагынын администрациясы мамлекеттик мекемесинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишими,
- Каракол шаары менен Беларустун Брест шаарынын ортосундагы боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча 2026–2027-жылдарга карата жол картасы.
Иш-чарада белгиленгендей, кол коюлган документтер аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана ШКУга мүчө мамлекеттердин шаарлары менен аймактарынын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө багытталган.