Бишкектеги 2 көчөнү бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди

Коом 18 ноябрь 2025 17:04
1763452396.jpg
1763452399.jpg
1763452386.jpg
1763452361.jpg
Алдыга
Артка
1763452396.jpg
1763452399.jpg
1763452386.jpg
1763452361.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Бишкекте Шүкүров жана Медеров көчөлөрүн бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көпүрө Түштүк чоң Чүй каналы аркылуу өтөт.

Көпүрө эки тилкелүү, туурасы 10 метрди түзөт. Эки тарабына тең  жөө кишилер үчүн туурасы 2,25 метр болгон  тротуарлар  жасалды. Түнкү коопсуздук үчүн беш даана чырак мамысы орнотулган. Көпүрөнүн узундугу 17 метр, туурасы 9 метр.

Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган.

Жаңы көпүрө толугу менен ишке киргизилди жана жол кыймылы үчүн ачык.