Шектүү лотереяга акча которбоңуз: Улуттук банктын эскертүүсү

Коом 125 13 Август 2026 15:10
TrxRszzIC8IzVofNcpy.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Улуттук банк жарандарды интернеттеги шектүү лотереяларга катышууда этият болууга чакырды. Мындай эскертүү интернет-алдамчылык учурлары көбөйгөнүнө байланыштуу берилди.

Банк лотереяга катышуудан мурун анын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын расмий реестрлеринде катталганын текшерүүнү сунуштайт.

Ошондой эле жарандарга шектүү шилтемелерге өтпөө, жеке маалыматтарын бөтөн адамдарга бербөө жана шектүү лотереялардын уюштуруучуларына акча которбоо эскертилди.

Оюндун мыйзамдуулугуна шек жаралса, ага катышууну токтотуп, түшүндүрмө же даттануу үчүн Финкөзөмөлгө кайрылуу сунушталат.

Улуттук банк интернеттеги өтө эле пайдалуу көрүнгөн сунуштарга ишенүүдөн мурда тобокелдиктерди кылдат баалоо зарылдыгын белгиледи.