Күмөндүү талапкерлерди каттоодон баш тартуу мамлекеттин тазаланып жатканынан кабар берет

Шайлоо Загрузка... 29 Октябрь 2025 17:07
thumbs_b_c_7b7f897c_qhZ9Xeg.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.25 /Кабар/. БШК мыйзамдарда каралган ченемдерди калыс жана ырааттуу ишке ашырууда. Эгерде уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар талапкерлигин койсо, комиссия аларды каттоодон баш тартууга укуктуу жана мындай талапкерлерге тоскоолдук кылууга милдеттүү. Анткени кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш бардык деңгээлде жүргүзүлүүгө тийиш.

Дин ишмерлерин алсак, Конституцияда светтик мамлекет деген түшүнүк так бекитилген. Быйыл кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча динге тиешелүү адамдарга жаңы чектөө киргизилген. Ага ылайык, “диний ишмерлер диний ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин беш жылдын ичинде президенттикке же парламенттин депутаттыгына талапкер боло албайт”.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр бийлик өкүлдөрүнүн кемчиликсиз кадыр-баркын калыптандырууга жана мамлекетти башкарууда мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган.

Бул принциптер жана шайлоо мыйзамдарын так сактоо мамлекеттин тазаланып жатканын көрсөтүп турат деп белгиледи саясат таануучу Тимур Саралаев "Кабар" агенттигине берген пикиринде.

"Мурда шектүү байланыштары бар, же өздөрү ар кандай мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар деп шектелген адамдарды каттоодон баш тартуу өлкөнүн тазаланып жатканынын бир белгиси катары каралышы мүмкүн. Мындай ыкма мамлекеттик институттардын Кыргызстандын саясий мейкиндигин түзүүдө ачык-айкындуулукка жана мыйзамдуулукту сактоого умтулуп жатканын көрсөтүп турат.

Парламенттик шайлоого белгиленген талаптарга жооп бергендердин гана катышуусун камсыз кылуу келечекте коомдун мамлекетке болгон ишенимин бекемдеп, саясий системанын туруктуулугун жогорулатат.

Активдүү диний ишмердүүлүгү бар адамдарды каттоодон өткөрбөө чечими туруктуулукту жана мыйзамдуулукту сактоого карата жасалган иш катары каралышы мүмкүн. Бул мамлекеттин бейтараптуулукту сактоого жана диний структуралар аркылуу мүмкүн болгон саясий кысымдын алдын алууга умтулганын көрсөтөт. Мындай ыкма парламенттик шайлоолорго катышуунун калыс жана ачык-айкын жол-жоболорун түзүүгө, ошондой эле коомдун мамлекетке жана анын институттарына болгон ишенимин арттырууга шарт түзөт", - деп белгиледи Тимур Саралаев.