Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. "Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө" жобо бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Жобонун негизинде шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жол-жоболорун санариптештирүү максатында адистештирилген автоматташтырылган тутум киргизилүүдө.
"Жаңы тутум аккредитациялоо процессин тездетип, документтерди кароого кеткен убакытты кыскартат. Ошондой эле аккредитацияланган ЖМКлар менен интернет-басылмалардын ачык реестри түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, тутум ар бир өтүнмөгө киргизилген өзгөртүүлөрдүн тарыхын сактап, аккредитациялоо процессинин ачыктыгын камсыз кылат.