Шавкат Мирзиёевге Түркмөнстандын жогорку ордени ыйгарылды

Борбор Азия Загрузка... 05 Август 2025 15:20
e_05.webp
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 05.08.25. /Кабар/. БУУнун деңизге чыга албаган өнүгүп жаткан өлкөлөр боюнча конференциясы алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Түркмөнстандын "Кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" ордени тапшырылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мирзиёев бул сыйлыкты өзбек элине көрсөтүлгөн урмат катары баалап, түркмөн элине жана өлкө жетекчилерине ыраазычылык билдирди.

Ал өзбек-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгү жогорку деңгээлде экенин, акыркы жылдары соода жана кооперация кыйла өскөнүнө өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле Борбор Азияда өз ара ишенимге негизделген кызматташтык модели түзүлүп жатканын, бул дүйнөлүк коомчулук тарабынан да таанылганын баса белгиледи.