Шавкат Мирзиёев жакырчылыкка каршы жана мигранттарды коргоо демилгесин көтөрдү

Борбор Азия Загрузка... 05 Ноябрь 2025 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 05.11.25. /Кабар/.Катардын борбору Доха шаарында өткөн II Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакырчылыкка каршы күрөшүү жана эмгек мигранттарын колдоо боюнча бир катар эл аралык демилгелерди сунуштады.

Президент өз сөзүндө Өзбекстан адамдын намысын жана абийирин жогору коюуга негизделген социалдык мамлекетти куруп жатканын белгиледи. Акыркы жылдары өлкөдө жакырчылык деңгээли 35 пайыздан 6,6 пайызга чейин төмөндөгөнүн айтып, бул багыттагы реформалар мындан ары да улантыларын билдирди.

Мирзиёев бир катар сунуштарды берди. Алардын ичинде жакырчылыкты азайтуу үчүн Глобалдык социалдык адилеттүүлүк фондун түзүү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо, ошондой эле климаттык чараларды жумуш менен камсыз кылуу программалары менен айкалыштыруу бар.

Өзбекстандын лидери бул демилгелер дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга ишеним жана үмүт берип, туруктуу өнүгүүгө жана социалдык жыргалчылыкка өбөлгө болорун белгиледи.