Ташкент, 06.09.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Американын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Дональд Трамп кечээ телефон аркылуу сүйлөшүп, өзбек-америка стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо жана өзара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүдө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги артыкчылыктуу багыттары каралды. Соода жүгүртүүнүн акыркы жылдары туруктуу өсүшү белгиленип, 2024-жылы ал 15 пайызга көбөйгөнү айтылды. Ошондой эле жарандык авиация, энергетика, айыл чарба, санарип технологиялар жана инновация тармактарындагы долбоорлор көңүл чордонунда болду.
Тараптар коопсуздук жаатындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн да баса белгилешти. Айрыкча терроризм, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, ошондой эле «С5+1» форматындагы өз ара аракеттенүүнү жандандыруу маселелери талкууланды.
Маданий-гуманитардык алакалар да сөз болуп, Өзбекстандын улуттук курама командасынын 2026-жылы АКШда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышуусу канааттануу менен белгиленди. Жаңы биргелешкен демилгелерди илгерилетүү жана жогорку деңгээлдеги диалогду улантуу ниети тастыкталды.