Ташкент, 26.08.25. /Кабар/. Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келген Иордания падышасы Абдалла II ибн аль-Хусейндин катышуусунда салтанаттуу азем өттү, деп билдирет Президенттин басма сөз кызматы.
Аземдин жүрүшүндө падыша Абдалла II Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Иорданиянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — «Ан-Нахда» («Ренессанс») орденин өз колу менен тапшырды.
Шавкат Мирзиёев сыйлыкты чоң урмат менен кабыл алып, аны көп тармактуу кызматташууну кеңейтүүдөгү биргелешкен аракеттердин татыктуу баасы жана Өзбекстан элине болгон достук менен сый-урматтын белгиси катары баалады. Ошондой эле ал Өзбекстанда үчүнчү Ренессанстын пайдубалы түптөлүп жаткан учурда бул сыйлыктын өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Өзбекстан президенти Иордания падышасы Абдалла IIнин өлкөнү тездик менен өнүктүрүүдөгү, тынчтыкка багытталган тышкы саясатты жүргүзүүдөгү жана эл аралык аброюн чыңдоодогу салымын өзгөчө белгиледи. Ал жогорку сыйлык эки элдин бекем достугунун символу катары татыктуу орун ала турганын баса белгилеп, Иордания элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.