Шавкат Мирзиёев элдик кабылдамалардын бардык кызматкерлерин жумуштан бошотту

Борбор Азия Загрузка... 17 Июнь 2025 11:28
photo_17_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев элдин кайрылууларын карай турган элдик кабылдамалардын бардык кызматкерлерин кызматтан бошотту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин айтымында, бул түзүмдөр жарандардын көйгөйлөрүн чечүүнүн ордуна, кайрылууларды мамлекеттик органдарга жөн эле бөлүштүрүү менен чектелип калган. Ал өткөн жылы жиберилген кайрылуулардын 55 пайызы жоопсуз калганын белгиледи. Эми эл менен түз иш алып бара турган жоопкерчиликтүү кызматкерлер дайындаларын билдирди. Ошондой эле акимдер иш күнүн жарандардын маселесин угуу менен баштоого милдеттүү экени айтылды.

Мирзиёев мындан тышкары, президенттик администрацияга караштуу Контролдук инспекциянын ишин да сынга алып, бул түзүм жоюларын жана анын функциялары Эсеп палатасына өткөрүлөрүн билдирди.

Ошондой эле үч айлык мөөнөт ичинде "Элдик көзөмөл" аттуу онлайн платформа өлкө боюнча ишке киргизилет. Бул кызмат аркылуу жарандар көйгөйлөрдү сүрөт жана так дареги менен жиберип, алардын чечилишин да ошол эле платформа аркылуу көзөмөлдөй алышат.

Эске салсак, Өзбекстандын президентинин элдик кабылдамалары 2019-жылдын февраль айында түзүлгөн. Ал эми президенттик администрациянын (мурдагы президенттик аппараттын) карамагындагы Контролдук инспекция 1990-жылдардын аягынан бери иштеп келген.