Ташкент, 09.10.25. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9–10-октябрда Душанбе шаарында өтө турган «Борбор Азия – Россия» жана КМШ саммиттерине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Саммиттердин күн тартибине саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле аймактык коопсуздук жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери кирген.
Иш-чаралардын жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.