Ташкент, 16.11.25. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азиянын лидерлеринин VII консультативдик кеңешинде аймактын мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарын жарыялады, деп жеринен билдирет кабарчыбыз.
Ал аймак кыска убакытта диалогдон чыныгы өнөктөштүккө өткөнүн, аймактык маселелер чечилип, чек аралар ачылганын белгиледи. Энергетика, транспорт жана соода жаатында кызматташтык күчөп, өз ара сооданын көлөмү 10,7 млрд долларга жетти, инвестициялар 17 пайызга өстү.
Мирзиёев форматты «Борбор Азия коому» стратегиялык платформага айландыруу, Катчылык жана Акылман ак сакалдар кеңешин түзүү, улуттук координаторлордун статусун жогорулатуу демилгелерин сунуштады.
Ошондой эле жолугушууда өлкөлөр өз ара сооданы 1,5–2 эсеге көбөйтүүгө, жалпы инвестициялык мейкиндикти түзүүгө жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экени белгиленди.
Ири инфраструктуралык долбоорлор – Кытай–Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Трансафган коридору жана транскаспий маршруттары биргелешип ишке ашырылат. Регионалдык коопсуздук концепциясы жана коркунучтар каталогу бекитилди. Афганистанды энергетикалык жана транспорттук долбоорлорго тартуу маанилүү экени белгиленди. «Фергана тынчтык форумун» жыл сайын өткөрүү сунушталды.
Климат жана суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу 2026–2036-жылдары Практикалык аракеттер он жылдыгы катары жарыяланат. Суу чарбасы боюнча Регионалдык компетенциялар борбору түзүлөт.
Илимий жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү колдоого алынды. Жыл сайын Руханий мурас боюнча Эл аралык конгресс өткөрүлүп, Илимий-изилдөө фонду түзүлөт. Ошондой эле регион ойчуларынын салымы тууралуу БУУ Башкы Ассамблеясынын резолюциясын илгерилетүү демилгеленди.