Шавкат Мирзиёев БАда инвестиция менен соода үчүн бирдиктүү мейкиндик түзүүнү сунуштады

Борбор Азия Загрузка... 11 Июнь 2025 13:05
a_11.webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 11.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн IV Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда Борбор Азия үчүн "Инвестиция жана соода боюнча бирдиктүү мейкиндик" түзүү демилгесин көтөрдү.

"Региондук долбоорлорду колдоо үчүн жаңы каржылык механизмдерди түзө турган убакыт келди. Биз биргелешкен аракеттер менен Борбор Азияны тынчтыктын жана туруктуу өнүгүүнүн аймагына айланта алабыз", — деди өлкө башчы.

Мирзиёев белгилегендей, учурда аймакта бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашууда. Алардын арасында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп жатканы жана энергетика, инфраструктура тармагындагы долбоорлорго активдүү даярдык жүрүп жатканы айтылды.

Өзбек лидери сунуштаган демилгени форумга катышкан чет өлкөлүк делегациялар колдоп чыгышты. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Адылбек Касымалиев Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү менен терең, узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем багытталганын жана регионду Евразия континентиндеги ийгиликтүү долбоорлор ишке ашкан аймакка айлантуу максатын көздөп жатканын баса белгиледи.

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов 2029-жылга чейин 150 миллиард доллар инвестиция тартуу максатын жарыялады. Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода аймактык биргелешкен кластерлерди түзүү жана санариптик долбоорлорду өнүктүрүү сунушун киргизди.

Европа мамлекеттеринен келген меймандар да Борбор Азиянын стратегиялык маанисине токтолушту. Болгариянын президенти Румен Радев Транскаспий транспорт коридорун "достуктун жана тынчтыктын жолу" катары мүнөздөдү.

Ал эми Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Өзбекстанды Евробиримдик үчүн ишенимдүү өнөктөш катары баалап, Ташкентти логистикалык түйүндөгү негизги борбор деп атады.

Серепчилердин баамынада, бул демилге Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы интеграцияга жаңы дем берет, мамлекеттер атаандашуунун ордуна өз ара толуктап туруучу өнөктөшкө айланат. Бул аймактагы ишенимди чыңдап, тоскоолдуктарды жоюуга жана узак мөөнөттүү капитал тартууга шарт түзөт.