Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт

Коом 22 май 2025 16:00
Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыда күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 23-27-майда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ чарбактардагы арыктарды, сел каналдарын тазалап селдин алдын алуу иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилеп, тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууга чакырат.