Шашылыш билдирүү: Өлкө аймагында сел коркунучу сакталууда

Коом Загрузка... 08 Июль 2026 12:10
736540011_3896344157175421_9144374316623394368_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу узартылды. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-июлунан 13-июлуна чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлүүдө. Мындан улам айрым жерлерде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

"Коопсуздук эрежелерин сактоого, сел кооптуулугу бар аймактарда этият болууга жана зарылчылык болбосо тоолуу жолдорго чыкпоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.