Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

Коом Загрузка... 22 Сентябрь 2025 14:22
23896073.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 23-сентябрда күндүз жана 24-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.