Шашылыш билдирүү: 1-июлдан 5-июлга чейин сел жүрүү коркунучу бар

Коом Загрузка... 02 Июль 2026 13:13
329ec637-9edf-4ee4-a65f-7bbd4bb6f774.png
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 1-июлдан 5-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүшү мүмкүн.

Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо максатында төмөнкүлөр сунушталат:

  • Дарыя жана капчыгай жээктерине барбоо;
  • Балдарды кароосуз калтырбоо;
  • Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 же 911 кызматына токтоосуз кайрылуу.